• Skip to primary navigation
  • Skip to main content
  • Skip to footer

Bankwatch

  • About us
    • Our vision
    • Who we are
    • 30 years of Bankwatch
    • Donors & finances
    • Get involved
  • What we do
    • Campaign areas
      • Beyond fossil fuels
      • Rights, democracy and development
      • Finance and biodiversity
      • Funding the energy transformation
      • Cities for People
    • Institutions we monitor
      • European Bank for Reconstruction and Development
      • European Investment Bank
      • Asian Infrastructure Investment Bank
      • Asian Development Bank (ADB)
      • EU funds
    • Our projects
    • Success stories
  • Publications
  • News
    • Blog posts
    • Press releases
    • Stories
    • Podcast
    • Us in the media
    • Videos

Home > Bankwatch in the media > Bankwatch Network: Кумтөрдө табият талкаланууда

Bankwatch Network: Кумтөрдө табият талкаланууда

2 February 2012, BBC Kyrgyzstan

Эл аралык финансы уюмдарынын ишмердүүлүгүнө байкоо салган, Кошмо штаттарындагы Bankwatch Network аттуу уюм, Борбор Азиядагы алтындын эң ири кени болуп эсептелген Ысык-Көлдүн Барскон деген жеринде алтын казган Канадалык “Центерра Гоулд” компаниясын айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирип жатканын жаап-жашырууда, деп айыптап чыкты.

Уюмдун билдирүүсүндө, “Центерра Гоулд” жергиликтүү дарыя-булактардын суусун химикаттар менен ууландырып, бүтүндөй Борбор Азия аймагынын суу булагы болгон мөнгүлөргө коркунуч келтиргени айтылат.

Уюмдун иликтөөлөрүн суунун сапаты, геохимиялык жана гидрогеологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө 37 жылдык тажрыйбасы бар америкалык окумуштуу доктор Роберт Моран өткөргөн.

Окмуштуу “Центерра Гоулд” компаниясы кенди казып олтуруп, жергиликтүү эки мөңгүнүн ири аянтына кирип кеткенин белгилеген. Иштетилип жаткан кенден чыккан ар кандай таштандылар, калдыктар ошол жердеги мөңгүлөргө төгүлүп, бүтүндөй жергиликтүү суу системасына коркунуч жаратканын, бул мөңгүлөр – аймакта иче турган суунун негизги башаты экенин жазган.

Кенге жакын жайгашкан Петров көлү жылдан жылга булганып жатканын, ал көлдөн чыккан суу Нарын дарыясына кошулаары айтылган.

Кенди иштетүүдө жылына 4,38 миллиард литр суу керектелет экен.

Кендин тегерегиндеги сууларда химиялык заттардын жогорку көрсөткүчүнө күбө болушканын, айрым учурда бул көрсөткүчтөр Эл аралык стандарттардан ашып кеткени жазылган. Жергиликтүү агын сууларда балыктын саны кескин кыскарганы байкалган.

“Центерра Гоулд” ушул убакка чейин 89 миллион тонна калдык чыгарып, аларды анчейин бекемделбеген шартта кармоодо. Жыл сайын компания 3650 тона цианид иштетет. Эгер табигый кырсык күтүлсө, маселен, жер титиресе, булардын баарысынын арты абдан чоң катастрофалык кесепетке алып келет, – дейт гидрогеолог жана геохимик Роберт Моран.

Кумтөр боюнча коомчулуктун маалыматы чектелүү. Ал эми мамлекеттик органдардын компаниянын иш-аракетин көзөмөл кылгыдай мүмкүнчүлүгү аз, деп тыянак чыгарат иликтөөчү.

Эгер бул компания ушундай иштерин Канадада жасаган болсо, бул – ал өлкөнүн мыйзамдарын одоно бузганга жатмак, деп Роберт Моран баса белгилеген.

Institution: EBRD

Theme: Mining

Footer

CEE Bankwatch Network gratefully acknowledges EU funding support.

The content of this website is the sole responsibility of CEE Bankwatch Network and can under no circumstances be regarded as reflecting the position of the European Union.

Unless otherwise noted, the content on this website is licensed under a Creative Commons BY-SA 4.0 License

Your personal data collected on the website is governed by the present Privacy Policy.

Get in touch with us

  • Bluesky
  • Email
  • Facebook
  • Instagram
  • LinkedIn
  • RSS
  • YouTube